Ош: «Бакыт үйүнүн» имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери 90%га аяктады

Ошто шаардык комиссия «Бакыт үйүнүн» имаратын капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын жүрүшүндө ремонттун сапатына жана ишти аяктоо мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Учурда «Бакыт үйүнүн» айланасын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, имараттын ички көрүнүшүн оңдоо жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, жумуш 90%га аяктады.