Кыргызстанда жыл аягына чейин 14 миң жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда

Кыргызстанда жыл аягына чейин 14 миң жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда.

Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 10 ири өндүрүш объектиси ачылуу стадиясында турат.

Белгилеп кетсек, АКШнын Эл аралык институту быйыл июнь айында жарыялаган сурамжылоого ылайык, калктын 66 пайызы жумушсуздукту “Жалпы өлкө үчүн негизги көйгөй”, — деп атаган.