Жалал-Абад облусунун Сузак районунда социалдык комплекстин курулушу жүрүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Түрк-Абад айылында социалдык комплекстин курулушу жүрүүдө.

Бул тууралуу Novosti.kgге район акими Баратбек Сыдыкназаров билдирди.

Маалыматка ылайык, комплекс мектеп, тигүү цехин жана ФАПты камтыйт.

Объект жергиликтүү бюджет жана коомдук бирикменин каражатына курулуп жатат.