Мирлан Жакыпов «Кыргызкөмүр» ишканасына кайрадан жетекчи болду

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп кайрадан Мирлан Жакыпов дайындалды.

Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мирлан Жакыпов 2021-жылдын сентябрынан 2022-жылдын 24-майына чейин «Кыргызкөмүр» ишканасын жетектеген.

Андан кийин анын ордуна Элдияр Калдарбеков дайындалган.

33 жаштагы Элдияр Калдарбеков кызматтан эмне себептен алынганы такталган жок.