Жыл башынан бери кумшекер, ун жана жылкы этине баа эң көп жогорулады

Жыл башынан бери кумшекер, ун жана жылкы этине баа эң көп жогорулады.

Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитетке таянып, “Акчабар” каржы порталы жазды.

Бирок картошка, тоок жумурткасы жана сүттүн өздүк наркы кыйла төмөндөгөн.

Белгилеп кетсек, акыркы үч жылда азык-түлүктүн баасы кескин өзгөрдү.

Алсак, эки жыл ичинде эле койдун эти дээрлик 50 пайызга кымбаттады.