Бишкекте фонтандар түнкү саат 10го чейин иштейт

Бишкек мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансында турган фонтандар саат 22:00гө чейин иштейт.

Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын балансында 16 фонтан бар, алар төмөнкү даректерде жайгашкан:

1. Ала-Тоо фонтаны, каптал табактары;
2. Ала-Тоо фонтаны, борбордук чөйчөк;
3. Тарых музейи, борбордук идиштер;
4. Тарых музейи, каптал чөйчөктөр;
5. Өкмөт аянтындагы фонтан;
6. 25 чөйчөк, Эмен паркы;
7. Токтогул атындагы фонтан, Абдрахманов-Пушкин;
8. Революция күрөшчүлөрүнүн фонтаны, Пушкин-Тыныстанов;
9. Күн балыктары, Абдрахманов-Токтогул;
10. Алтын балык, Москва/Совет көчөлөрү;
11. Филармония, борбордук чөйчөк;
12. Филармония, түндүк чөйчөктөр;
13. Жаштар аллеясы, Улуттук университеттин бет маңдайы;
14. Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы фонтан;
15. Аска-Таш, Фучика-ЧЧК;
16. Ата-Түрк, Ахунбаев көчөсү.