Кыргызстандын музей фонду 1 миң 600дөн ашык экспонат менен толукталды

Кыргызстандын музей фонду 1 миң 600дөн ашык экспонат менен толукталды.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын алты ай аралыгында 330га жакын экспонат реставрациядан өткөрүлдү.

Жарым жылда өлкө аймагынан тышкары төрт, ал эми өлкө ичинде алты көчмө көргөзмөлөр өттү, — деди ал.