Кыргызстанда маймыл чечеги катталган жок

Кыргызстанда маймыл чечеги катталган жок.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдиргендей, оору аныкталса санитардык-эпидемиологиялык кызмат жана саламаттыкты сактоо системасы ыкчам чара көрүүгө даяр.

Белгилеп кетсек, Дүйнөлүк саламаттык уюму маймыл чечеги боюнча абалды «саламаттык сактоодогу эл аралык мааниге ээ өзгөчө кырдаал” деп жарыялады.

Уюмдун маалыматына ылайык, май айынан бери 75 өлкөдө оорунун 16 миңден ашуун учуру катталды.

Өзгөчө кырдаал деп жарыялоо — бул өкмөттөрдү кандайдыр бир чектөө киргизүүгө эмес вакцина өндүрүүгө каражат көбүрөөк бөлүүгө багытталат.