Билим берүү министрлигинен окуу жылын 1-сентябрда баштоо чечимин түшүндүрүштү

Билим берүү министрлигинен окуу жылын 1-сентябрда баштоо чечимин түшүндүрүштү. Анда ведомство жетекчисинин орун басары Уланбек Мамбетакуновдун сөзүн уксак.

 

Жергиликтүү калктын суроолору боюнча, биз окуу жылын  1-сентябрда баштап, 25-майда акыркы коңгуроо менен салтанаттуу аяктайбыз. Бир жылдык практикабыз көрсөткөндөй, жайкысын күн ысып кетип атат, окуучулар окуу процессине көп көңүл бурбай калат экен. Ошону дагы эске алып, ушундай кадамга барып атабыз

 

Эске салсак, былтыр окуу жылы 15-сентябрда башталып, 9-июнда аяктаган. Быйыл министрлик мурдагы системага кайра кайтуу чечимин кабыл алды.