Чет элдик жарандарга “Санарип көчмөн” макамын берүү долбоору башталды

Чет элдик жарандарга “Санарип көчмөн” макамын берүү долбоору башталды. Тиешелүү токтом министрлер кабинетинде кабыл алынды.

 

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, “Санариптик көчмөн» макамы Кыргызстандын аймагына жашаган жери боюнча каттоосу жок, иштөөгө уруксаты жок визасыз кирүүгө жана жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Ошондой эле жеке идентификациялык номер жөнүндө маалыматты камтыган документтер талап кылынбайт.