Кыргызстанда сентябрда ири рейддер жүргүзүлүп баштайт

Кыргызстанда сентябрда ири рейддер жүргүзүлүп баштайт. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, инспекторлор транспорт жана турак-жайга, жер тилкесине салык төлөбөгөн жарандарды аныктайт.

 

Эске салсак, аталган категорияларга салыкты 1-сентябрга чейин төлөө керек. Кечиккендерге айып салынат – физикалык жактарга 1 миң сомдон, ал эми юридикалык жактарга 5 миң сомдон.