Бишкек троллейбустары жаңы окуу жылына карата иретке келтирилүүдө

Бишкек троллейбустары жаңы окуу жылына карата иретке келтирилүүдө.

Башкаруучу компанияларга люктарды жана эшиктерди оңдоо, сынган терезелерди алмаштыруу жана салондорду дезинфекциялоо тапшырмасы берилди.

1-сентябрга карата троллейбустар улуттук оюм-чийим менен кооздолуп, ар бир транспортто аялдамаларды эки тилде – кыргыз жана орусча жарыялоочу аппараттар ишке киргизилет.

Бүгүнкү күндө троллейбустардагы жазуулар толугу менен кыргызчага алмаштырылып, трафареттерди жаңылоо иштери жүрүп жатат.