Бөтөн талаага мал жаюу үчүн 30 миң сом айып салынышы мүмкүн

Бөтөн талаага мал жаюу үчүн 30 миң сом айып салынышы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде талкууга алынды.   Документ демилгечилеринин айтымында, чөп оро турган же эгин эгилген талаага мал жайылып кетсе ээсине 30 миң, фермердик чарба, кооперативдер сыяктуу юридикалык жактарга 70 миң… Кененирээк…

Кыргызстанда жаңы мектептерди куруу иштери уланууда

Кыргызстанда жаңы мектептерди куруу иштери уланууда. Процесс тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов айтып берет.   “Республика боюнча 2337 мектеп бар. Сентябрга карата Бишкекте Мурас-Ордо жаңы конушунда мектеп ачылганы атат. Арча-Бешикте, Алтын-Ордодо, Ала-Тоо конушунда мектептер ачылганы атат. Айрым мектептерде кошумча имараттар курулуп… Кененирээк…

Кыргызстанда дизелдин баасы дагы өсөт

Кыргызстанда дизелдин баасы дагы өсөт. Күз мезгилине карата божомолду Мунай ташуучулар ассоциациясынын директору  Канатбек Эшатов берүүдө. Анын айтымында, Россиянын ички рыногунда күйүүчү майдын тартыштыгы катталды.   Бул 3 ири заводдун оңдоо иштерине жабылганына байланыштуу. Андан тышкары, мунайга болгон баанын өсүшү дүйнөлүк тенденция.   Учурда Бишкекте… Кененирээк…

Бишкек шаарынын курултайы 10-октябрда өтөт

Бишкек шаарынын курултайында элдик курултайга барчу делегаттар тандалат жана шаар мэри 2022-жылдын биринчи жарымында жасалган иштер тууралуу отчет берет. Буга байланыштуу шаардык кеңеш токтомдун долбоорун даярдады. Элдик курултайга Бишкектен 500 делегат катышат. Президент Садыр Жапаров 16-августта ушул жылдын 25-ноябрында элдик курултайды чакыруу тууралуу жарлыкка кол… Кененирээк…

Бишкектин борборунда митингге чыгууга тыюу 1-декабрга чейин узарды

Бишкектеги Биринчи май райондук соту борбордук аянтта, өкмөт үйүнүн, Жогорку Кеңештин жана Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын алдында нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюунун мөөнөтүн 1-декабрга чейин узартты. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады. Митингдерди Максим Горький атындагы гүлбакта гана өткөрүүгө уруксат берилет. Биринчи май райондук… Кененирээк…

Акыйкатчы институту аскер бөлүктөрүндө мониторинг баштады

Бүгүнтөн тарта Акыйкатчы институту түзгөн жумушчу топ аскер бөлүктөрүндө мониторинг жүргүзүүнү баштады. Анын алкагында аскер кызматкерлери, жетекчилер менен жолугушуулар өтүп, соңунда сунуштар камтылган баяндама Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Акыйкатчы институту июль айынын аягында соңку беш жыл ичиндеги армиядагы зордук-зомбулукту иликтөө үчүн жумушчу топ түзгөн. Анын курамына… Кененирээк…

Нарында хоккей боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Нарын шаарында хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Нарын хоккей лигасынын вице-президенти Бактыбек Жумагулов билдирди. Жумагулов чемпионатка жалпы алты команда катышарын маалымдады. “Мелдеш 1-ноябрда муз аянтчасында өткөнү турат”, — дейт ал.

Кыргызстанда дагы бир наам пайда болот

Кыргызстанда дагы бир наам пайда болот. Экономика министрлиги “Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип, “Эмгек сиңирген ишкер” мамлекеттик сыйлыгын ыйгарууну пландоодо. Документте белгиленгендей, бул өзгөчөлүк кыргызстандык уюштуруучуларга же өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн чарбалык субъекттердин жетекчилерине берилет.

Жакынкы эки-үч жылда жүздөгөн чакан ГЭС, күн жана шамал электр станциялары ишке кириши керек

Жакынкы эки-үч жылда Кыргызстанда жүздөгөн чакан ГЭС, күн жана шамал электр станциялары ишке кириши керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, азыр республика энергетика тармагын өнүктүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болууда, алардын эң негизгиси энергетикалык жабдуулардын өтө эскириши, суунун аздыгынан электр энергиясын импорттоо… Кененирээк…

ЖК: тармактык комитет министр кызматына Баатырованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 5-сентябрдагы жыйынында Гүлнара Баатырованын талапкерлигин саламаттык сактоо министри кызматына жактырды. Эми анын талапкерлиги 7-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында каралат. Президент Садыр Жапаров Баатырованы министрдин милдетин аткаруучу кылып 23-августта дайындаган. Июнь айында убактылуу ишинен четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан… Кененирээк…