Кыргызстанда жаңы мектептерди куруу иштери уланууда. Процесс тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов айтып берет.
“Республика боюнча 2337 мектеп бар. Сентябрга карата Бишкекте Мурас-Ордо жаңы конушунда мектеп ачылганы атат. Арча-Бешикте, Алтын-Ордодо, Ала-Тоо конушунда мектептер ачылганы атат. Айрым мектептерде кошумча имараттар курулуп атат. Окуучулардын саны көбөйүшүнө байланыштуу. Андан тышкары, Өзбекстан тарабынан Баткенде Маргун жана Самаркандек айылдарында 2 мектеп курулду”
Министрликтен белгилешкендей, курулуш иштери ошондой эле Жалал-Абад облусунда жүргүзүлдү.