Бөтөн талаага мал жаюу үчүн 30 миң сом айып салынышы мүмкүн

Бөтөн талаага мал жаюу үчүн 30 миң сом айып салынышы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде талкууга алынды.

 

Документ демилгечилеринин айтымында, чөп оро турган же эгин эгилген талаага мал жайылып кетсе ээсине 30 миң, фермердик чарба, кооперативдер сыяктуу юридикалык жактарга 70 миң сом айып пул салынат.

 

Экинчи ирет кайталанса 5 миң сом кошулат. Азыркы учурда айып толугу менен мамлекетке берилсе, ал эми долбоордо сумманын 20 пайызын жер ээсине берүү сунушталды.