ЖК: тармактык комитет министр кызматына Баатырованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 5-сентябрдагы жыйынында Гүлнара Баатырованын талапкерлигин саламаттык сактоо министри кызматына жактырды.

Эми анын талапкерлиги 7-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында каралат.
Президент Садыр Жапаров Баатырованы министрдин милдетин аткаруучу кылып 23-августта дайындаган.
Июнь айында убактылуу ишинен четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан алынган.

Министрдин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарып жаткан.