Миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кайра иштеп баштайт

Миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кайра иштеп баштайт.

Бул тууралуу парламент жыйынында Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү буйрукка кол коюлду, аталган орган кийинки аптадан тарта ачылат.
Белгилеп кетсек, буга чейин Россиядагы мигранттар Миграция министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жабылып калганына нааразылык билдирип келишкен.