Бишкектин Октябрь районуна караштуу Көк-Жар конушунда воркаут аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду.
Мэриянын маалыматына ылайык, Кыргызстандын Work Out ассоциациясынын спортчулары мастер-класс көрсөтүшүп, иш-чаранын соңунда балдарга балмуздак таратылды.
Аянтча демөөрчүлөрдүн колдоосу менен пайда болду.