Унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө

Кыргызстанда унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, текшерүүнү райондук салык органдары Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүшөт.

Эске салсак, транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

Кечиккен жеке адамдарга бир миң сом, юридикалык жактарга беш миң сом айып салынат.