Кыргызстан коопсуздук боюнча 163 өлкөнүн ичинен 91-орунда турат

Кыргызстан коопсуздук боюнча 163 өлкөнүн ичинен 91-орунда турат.

Бул тууралуу Глобалдык тынчтык индекси боюнча ушул жылдагы рейтингде айтылды.

Адистер ички-тышкы чыр-чатактар, коңшу мамлекеттер менен болгон мамиле, калк арасындагы качкындардын үлүшү, жарандар арасындагы ишенбөөчүлүктүн деңгээли, саясий туруктуулук, коомдук тартип сыяктуу маселелерди талдашкан.

Анын алкагында, Исландия, Жаңы Зеландия жана Ирландия бардык жагынан мыкты деп табылды.

Акыркы орунда Афганистан турат.