Улуу Британиянын падышасы эртең расмий жарыяланат

Улуу Британиянын падышасы эртең расмий жарыяланат.

Чет элдик басылмалар Карл III такка 10-сентябрда отурарын жазышты.

Формалдуу салтанат адатта Лондондогу Сент-Жеймс сарайында өтөт.

Британиянын ханышасы Елизавета II дүйнөдөн кайткандан кийин анын уулу Улуу Британиянын жаңы падышасы болуп калды.

96 жашында каза болгон Елизавета II Британияны 70 жыл башкарып, өлкө тарыхында тактыда эң узак отурган жетекчи болду.