Ош технологиялык университетине жаңы ректор дайындалды

Жанболот Турсунбаев М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору болуп дайындалды.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин министрлик мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору кызмат ордун ээлөө үчүн ачык сынак жарыялаган.

Сынактын жыйынтыгы боюнча Жанболот Турсунбаев эң көп упай топтоду.