Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагына социалдык турак-жай курулат

Бишкекте мурдагы №47 түзөтүү колониясын демонтаждоо башталды.

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, бул жерде көп кабаттуу социалдык турак жай комплекси курулат.

Комплекс 5-10 миң адамдын жашоосуна ылайыкташат.

Долбоордо билим берүү мекемелери жана бала бакчалар да камтылган.

Курулуш иштери келерки жылы башталат.

Социалдык долбоорду инвесторлор ишке ашырат.

Өкмөттөн кошумчалашкандай, беш жыл аралыгында ордо калаада жайгашкан түзөтүү мекемелерин шаардын четине көчүрүү пландалууда.