Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандардын документтери акысыз калыбына келтирилет

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандардын документтери акысыз калыбына келтирилет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринен мобилдик топ түзүлүп, алар жаңжал учурунда документтерин жоготуп алгандардын тизмесин түзөт. Көчмө калкты тейлөө борборлору бардык жабдуулар менен камсыздалып, жеринде кызмат көрсөтүүгө ылайыкталган.