Кыргызстанда бензин арзандады

Кыргызстанда бензин арзандады.

 

Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, 3-августтан бери АИ-92 үлгүсүнүн бир литринин баасы 2 сомго, АИ-95 1 сомго, дизель майы 20 тыйындан 1 сомго чейин арзандаса, суютулган газдын наркы 3 сомго төмөндөдү.

 

Белгилеп кетсек, ведомство Бишкекте жана облустарда күйүүчү майдын баасы негизсиз өсүп кетпеши үчүн жума сайын мониторинг жүргүзүп турат.