Кыргызстан жана Россия футбол боюнча курамалары дагы бир достук беттешин өткөрөт. Кыргыз футбол бирикмесинин президенти Медер Сыдыковдун айтымында, оюн Москвада 2023-жылы болот.
Эске салсак, Кыргызстан жана Россия футболчуларынын тарыхтагы алгачкы достук жолугушуусу 24-сентябрда Бишкекте өтүп, оюн коноктордун пайдасына 1:2 эсебинде аяктады.