Бишкекте №75 мектептин жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болду

 

Бишкекте №75 мектептин жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болду.

 

Аталган мектептин буга чейинки имараты 1960-жылы курулуп, авариялык абалга келгендиктен, анын ордуна жаңысын куруу чечими кабыл алынган.

 

Эми жаңы окуу имараты 3 кабаттан туруп, 550 окуучуга чакталат. Анда окуу класстарынан тышкары, эки кабаттуу музыка кабинети, концерттик зал, ашкана, китепкана жана спорт залдар каралган.