Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы бүгүн шайланат деп пландалууда. Бул үчүн парламент депутаттары бүгүн талкуулай турган күн тартибиндеги башка маселелерди жылдырууга туура келди.
Вице-спикер Улан Примовдун айтымында, фракциялар талапкерлерди аныкташы үчүн тыныгуу жарыяланды. Эске салсак, Талант Мамытов бүгүн Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти. Ал өз каалоосу менен креслосун тапшырып жатканын баса белгиледи.