Тонировкага уруксат кагазы өлкө бюджетин 100 млн сомго толуктады

Үч айдын ичинде унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүчү документтерди сатуудан өлкө бюджетине 100 миллион сомдон ашык киреше түштү.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, мындай уруксат кагаздарын учурга карата 1 миң 240 унаа ээлери алышты.

Эске салсак, тонировка үчүн уруксат жеке адамдар үчүн 80 миң сом, юридикалык жактар ​​үчүн 100 миң сомду түзөт.