Бишкекке Екатеринбургдан кошумча авиакаттамдар ачылды.
Манас эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашкандай, ушул жылдын 3-октябрынан тарта Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург багыты боюнча жаңы туруктуу каттамдар аткарыла баштады.
Учактар дүйшөмбү жана жума күндөрү учат.
Белгилеп кетсек, аталган багыт боюнча каттамдар буга чейин жумасына төрт жолу – шаршемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылып келген.