Быйыл Кыргызстанда дээрлик 234 миң гектар буудай жыйналды

Быйыл Кыргызстанда дээрлик 234 миң гектар буудай жыйналды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев түшүм жыйноо маселеси боюнча жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, түшүмдүүлүк өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөн.

Буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 28 центнерди түзгөнү белгиленди.