Оштон Сауд Аравиянын Жидда шаарына Шарм-эль-Шейх аркылуу чартердик каттам ачылды.
Бул тууралуу “Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аба каттамдар жумасына 3 жолу – шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү аткарыла баштады.
Белгиленген багыт аркылуу биринчи каттамда 169 жүргүнчү катталды.