Кыргызстандын энергосистемасы катуу суукка даяр

Кыргызстандын энергосистемасы катуу суукка даяр. Бул тууралуу Улуттук электр станцияларынан билдиришти.

 

Андан такташкандай, өлкө аймагындагы бардык подстанциялар жана электр өткөрүү линиялары пландык, капиталдык оңдоо иштеринен өткөн, объектилерде кубаттуулук жогорулатылды.

 

Андан тышкары, аномалдуу суукка туруштук берүү үчүн комплекстүү чараларды көрдү, алсак, жетекчиликтин жана жер-жерлерде кызматкерлердин нөөмөтү уюштурулуп, авариялык бригадалар, атайын техника даярдалды.