ОСАГОнун алкагында компенсация төлөө шарттары айтылды

Кыргызстанда 1-январдан тарта айдоочуларды камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирген мыйзам күчүнө кирди.

ОСАГОнун алкагында компенсация төлөө шарттарын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Тахмина Камчыбекова айтып берди.

“Эгерде жабырлануучу тарап майып болуп калса 100-200 миңге чейин, өлүм кырсыгы катталган болсо 300 миң сом, эгер бала майып болуп калса 200 миң сом төлөнүп берилет.

Ошондой эле унаа зыянга учураса 150 миң сом төлөнөт.

Жол кырсыгынын кесепетинен 2-3 унаа жабыркаса, 450 миң сом баарына бирдей төлөнүп берилет”.

Мекеменин маалыматына караганда, жыл башынан бери 500дөй айдоочу камсыздандыруу полисин алды.