Барскоон – Ак-Шыйрак жолунда жааган калың кар жолду жаап калды

Ысык-Көл облусунун Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 145-чакырым бөлүгүндө калың кар жаап, жолду жаап калды.

Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кардын калыңдыгы кээ бир жерлерде 1 метрге чейин жетет.

“Түнү менен жолду кардан тазалоо жана каттам ачуу, кеңейтүү иштери жүргүзүлдү”, — деп айтылат маалыматта.