Араван – Ак-Буура каналын реконструкциялоого ЕРӨБ 17 млн евро бөлөт

Оштогу Араван – Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоого Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы 17 миллион евро бөлөт.

Тиешелүү макулдашууну Жогорку Кеңеш жактырды.

Каражаттын бир бөлүгү насыя, калганы гранттык негизде берилет. Кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен алынат. Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын аянтты суу менен камсыздоо жакшырат.