Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар азайды

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар азайды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 16-23-январга чейин өлкөдө инфекциянын 7 миңден бир аз ашык учуру катталган.

Бул көрсөткүч бир жума мурункуга салыштырмалуу 15 пайызга аз.

Бирок абанын төмөн температурасы иммундук системага таасир этип, адамдын ден соолугуна зыян тийгизиши мүмкүн.

Андыктан жарандар маска режимин, санитардык-гигиеналык чараларды сактап, эл көп чогулган жерлерге азыраак барышы керек.