Кыргызстанга Казакстан парламентинин сенатынын тѳрагасы келет

Бүгүн Кыргызстанга Казакстан парламентинин сенатынын тѳрагасы Маулен Ашимбаевдин расмий иш сапары менен келери күтүлүүдө.

Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Маулен Ашимбаев тет-а-тет жана кеңейтилген форматта жолугушат.