Куланак ГЭСинин курулушун Евразия өнүктүрүү банкы каржылайт.
Буга чейин тиешелүү келишимге кол коюлган.
Объект Нарын дарыясына курулат.
Гидроэлектрстанциянын жылдык электр энергиясын иштеп чыгаруусу 400 миллион киловатт-сааттан ашат.
Долбоордун баасы дээрлик 118 миллион долларды түзөт.
ГЭСтин ишке кириши Кыргызстандын Борбор Азиядагы позициясын бекемдеп, анын ичинде аймактагы энергия тартыштыгын азайтары белгиленүүдө.