Pfizer вакцинасы Кыргызстанга февралдын аягында жеткирилиши керек

Коронавируска каршы Pfizer вакцинасы Кыргызстанга февралдын аягында жеткирилиши керек.

Бул тууралуу 24 агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.

Жалпысынан 20 миң дозанын келиши күтүлүүдө.

Жеткирүү COVAX механизми аркылуу ишке ашырылат.

Акыркы жолу республика бул вакцинаны былтыр августта алган, бирок октябрь айында анын жарамдуулук мөөнөтү аяктаган.