Жаңы автобустар линияга качан чыгарылат?

Бишкектеги жаңы автобустар бардык процедуралар аяктагандан кийин линияга чыгарылат.

Бул тууралуу Novosti.kgге мэриянын транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда унааларды “бажыдан өткөрүү” жана “Унаа” мамлекеттик мекемесине каттоо иштери жүрүп жатат.

Мунун баары 10 күндөй убакытты талап кылат.

Чиновник ошондой эле жаңы каттамдарды ачуу, иштеп жаткан линияларды бекемдөө пландалып жатканын белгиледи.

Эске салсак, ордо калаага Кытайдан 120 автобус келген.

Аларды сатып алууга бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн.