Өтүп кеткен жылдын мыкты футболчусу наамына башкы 3 талапкер аталды

Өтүп кеткен жылдын мыкты футболчусу наамына башкы 3 талапкер аталды.

 

Кыска тизмеге ПСЖ жана Аргентина курамасынын форварды Лионель Месси, Франция жылдызы Килиан Мбаппе жана “Реалдын” чабуулчусу Карим Бензема кирди.

 

Сыйлыктын ээси 27-февралда Париждеги сыйлоо аземинде жарыяланат. Эске салсак, Месси өткөн жылы Аргентина курамасы менен биринчи жолу дүйнө чемпиону аталды. Мбаппе француз командасы менен финалга чейин жетип, мыкты бомбардир болду. Бензема жарааты үчүн дүйнө биринчилигине катышкан эмес.