Кыргызстанда курч респиратордук вирустардын жана сасык тумоонун күч алышы катталууда

Кыргызстанда курч респиратордук вирустардын жана сасык тумоонун күч алышы катталууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 6-февралдан 12-февралга чейин республикада 6,5 миң учур катталды.

 

Бул буга чейинки аптага салыштырмалуу 9,5 пайызга көп. Өлкөдө күн сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Дарыгерлер эл көп чогулган жерге барбай, бет кап режимин сактап, санитардык-гигиеналык чараларды карманууну сунуштайт.