Кыргызстандан өткөн жылы 1 миллиард 200 миллион доллар сыртка которулган

Кыргызстандан өткөн жылы 1 миллиард 200 миллион доллар сыртка которулган.

 

Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Кеп жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат.

 

Буга чейин 2021-жылы рекорддук сумма — 562 миллион доллар которулган. Негизги көлөм салттуу түрдө Россияга туура келет — 927 миллион. Быйыл КМШдан тышкаркы өлкөлөрдүн үлүшү өстү, — дешти Улуттук банктан.