Эртең менен банан жеген зыян

Эртең менен банан жеген зыян. Нутрициолог Игорь Строков билдиргендей, минералдарга, витаминдерге жана клетчаткага бай банандардын албетте ден-соолукка пайдасы чоң.

 

Бирок аларды ачкарын жегенде ашказандын кычкыл балансы бузулушу мүмкүн. Анын деңгээли азайып, же тескерисинче көбөйүп кетиши мүмкүн. Ацидоз бат чарчоого жана баш айланууга алып келет. Андыктан, бананды таңкы тамактан кийин гана жеген сунушталат.