Бишкек жана Чүй облусунда көчмө видео камералар жөнүндө эскертүүчү жол белгилер орнотулуп жатат

Бишкек жана Чүй облусунда көчмө видео камералар жөнүндө эскертүүчү жол белгилер орнотулуп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Эске салсак, техника автоматтык режимде бузууларды сүрөткө жана видеого тартуу үчүн колдонулат. Эрежеге ылайык, анын жанында дайыма эскертүү берүүчү белги болушу керек.

 

Иштер “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.