Чүй облусунда жаңы заманбап цемент завод курулат

Чүй облусунда жаңы заманбап цемент завод курулат.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор Москвада өткөн кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун кеңешинин жыйынында жактырылды.

Курулушка аталган фонд тарабынан 45 миллион доллар бөлүнөт.

Анын кубаттуулугу жылына 1,5 миллион тонна цементти түзөт.

Муну менен Кыргызстан импорттон көз карандысыз болот деп күтүлүүдө.

Долбоордун алкагында 450 жумушчу орун түзүү каралган.