«Куланак» ГЭСин курууга кыргыз-россия өнүктүрүү фонду 44 млн доллар бөлөт

default

Нарындагы «Куланак» ГЭСин курууга кыргыз-россия өнүктүрүү фонду 44 миллион доллар бөлөт.

Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ГЭСтин курулушун каржылоо боюнча чечим фонддун кеңешинин Москвада өткөн жыйынында жактырылды.

Долбоор Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты 18 пайызга кыскартууга жардам берет.

Курулуш мезгилинде 770, объект пайдаланууга берилгенден кийин 100гө жакын жумуш орду түзүлөт, — деп айтылат маалыматта.