Жер мунапысы тууралуу өкмөттүн токтомунун 27-пункту жоюлду

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өкмөттүн 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пункту алынып салынды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Президент Ак-Ордо конушуна күтүүсүз барып, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөндө бул токтомдун 27-пункту жер амнистиясын толук ишке ашырууну татаалдаштырып жатканы белгилүү болгон. Президент бул маселени тез арада чечип, башка аймактарда дагы жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды. Ошону менен бирге бардык жергиликтүү бийлик башчыларына мындан ары жарандардын жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууларына жол бербөө тапшырмасы берилди»,-деп жазды Султанбаев.

Султанбаев жер мунапысына байланыштуу жетиштүү иш алып барбаганы үчүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаев менен Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алуу чечими чыкканын кабарлады.

Мунун алдында, 6-мартта Бишкекте өздөрүн Өскөн-Ордо конушундагы жер ээлерибиз деген адамдар басма сөз жыйынын өткөрүп, жер мунапысы тууралуу токтомдун 27-беренесин алып салууга каршы экенин билдиришкен. Алар бул пункт алынса жер басып алгандар, ортомчулардан сатып алгандардыкы мыйзамдаштырылып кетерин эскертишкен.

Садыр Жапаров 5-мартта Бишкектин четиндеги Ак-Ордого барып, үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келиндин абалын көргөн. Жергиликтүү эл менен жолугушууда “Жер мунапысы” боюнча жободогу 27-берене кызыл китеп берүү ишин аксатып атканы айтылган. Анда жер анын ээсинин макулдугу менен гана трансформация болору жазылган.

«Азаттык» биринчилерден Марал Шаболотова тууралуу материал даярдаган. Төрт балалуу келин үйү турган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алганын, бирок 2018-жылы коңшусу Толкун Самудинова кызыл китеби бар экенин айтып, андан үй турган жерди талаша баштаганын билдирген. Чыр ушул былтыр октябрда Жогорку Сотко жетип, анда Самудинованын пайдасына өкүм чыккан.

Самудинова бузулган үй турган жер ага караштуу экенин айтып, 2013-жылы Сокулуктун Новопавловка айыл өкмөтү ага жерге ээлик кылганын ырастаган чечим чыгарып берген, 2017-жылы колуна кызыл китеп тийгенин билдирген.

Ак-Ордонун айрым тургундары 3-мартта үй түрттүрүлгөн жерге чогулуп, бийлик өкүлдөрүнөн окуяны мыйзамдын негизинде, адилеттүү териштирүүнү талап кылган.