Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык жүрүүдө.
Генералдык штабдан билдиришкендей, 18 жаштан 25ке чейинки бардык жарандар чакырыктан бошотуу укугуна ээ эмес болсо, аскердик комиссариаттарга келип, комиссиядан өтүшү керек.
Жалпысынан, 2 миңден ашык уланды аскерге чакыруу пландалып жатат. Алар Коргоо министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин, Жазаларды аткаруу кызматынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүндө кызмат өтөйт.